Катар Казакстандын аймагында жалпы баасы 20 миллиард долларды түзгөн 9 инвестициялык долбоорду ишке ашырат. Сенат буга мүмкүндүк берүүчү келечектүү багыттар боюнча долбоорлорду иштеп чыгууда эки өлкөнүн ортосунда узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча макулдашууну жактырды. Алардын көбү энергетикалык инфраструктураны жакшыртууга басым жасалат. Маселен, катарлыктар Кашаганда газды кайра иштетүүчү заводдорду куруу менен катар «Бейнеу-Бозой-Шымкент» газ куурунун курулушун жана «Костанай-Актөбе» магистралдык газ түтүгүнүн жаңы курулушун бүтүрүүнү мерчемдешкен. Ошондой эле, Аравия жарым аралынын инвесторлору Кызылорда облусунда жана Иртыш дарыясынын боюнда электр станцияларын курууга инвестиция салууда. Андан сырткары өлкөдөгү экинчи деңгээлдеги банктардын бирин сатып алганы жатышат. Байланыш операторлорунун бири да катарлыктардын колуна өтөт.
Бибигүл Аккожина,
Парламент Сенатынын депутаты:
- Келишимдин алкагында Казакстан стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдойт. Жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды ташып келүүдө бажы төлөмдөрүн төлөө милдеттенмелерден бошотуу, ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарында салык жеңилдиктерин камсыз кылуу.
Маулен Ашимбаев,
Парламент Сенатынын төрагасы:
- Келишим биздин өлкөнүн аймагында Катар мамлекети менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Кызматташтыктын алкагында телекоммуникация, энергетика, транспорт, мунай-химия, айыл чарба жана каржы тармактарына артыкчылык берилет. Жалпы мыйзамдын кабыл алынышы экономикабызды өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого оң салым кошот деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков