Казакстандын туристтик дарамети артып келүүдө

Казакстандын кооз табиятын көрүүгө ашыккан чет элдиктердин саны өсүүдө. Өткөн жылы өлкөгө миллиондон ашык саякатчы келген болсо, ал эми быйыл алардын саны бир миллион эки жүз миңден ашат деп болжолдонууда. «Kazakh Tourism» улуттук компаниясынын маалыматы боюнча, республикага келген туристтердин көпчүлүгү Кытай, Орусия, Индия жана Түркиянын жарандары. Азыр алардын катарын Түштүк-Чыгыш Азиянын өкүлдөрү активдүү толуктап жатышат. Ушул жылдын жалган куран айынан бери Казакстанга 35 миңге жакын малайзиялык барган. Аталган мамлекеттен келгендердин кескин өсүшүнө Куала-Лумпурдан Алматыга түз каттамдын ишке кириши таасирин тийгизгенин адистер айтышат.


Даниел Сержан уулу, «Kazakh Tourism» УК башкарма төрагасынын орун басары:


- Малайзиядан келгендердин саны 6 эсе көбөйгөнүн байкап жатабыз. Мунун бир нече себептери бар. Алматыдан түз каттам ишке киргенден бери биз жалпы Казакстанды таанытуу иш-чараларын өткөрдүк. Азыркы учурда бизде бул рынокто чоң жарнама компаниясы өтүп жатат. Анын жыйынтыгы катары, өнөктөштөрүбүздүн айтымында, Алматыга саякатка болгон суроо-талап ушул мезгилде 30%га өсөт. Бул чек эмес, анткени авиакомпания негизинен Малайзиянын программасына учууну кеңейтүүнү пландап жатат. Биз Индонезиянын, Сингапурдун жана башка өлкөлөрдүн базарларында активдүү иштейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков