2022-жылы өз ара сооданын көлөмү 80,5 миллиард доллардан ашты. Казакстан, Армения, Беларус жана Кыргызстан жалпы мейкиндикте экспорттун көлөмүн 10 миллиард долларга көбөйтүштү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирди. Мында өлкөнүн биримдик ичиндеги жеткирүүлөрү - дээрлик 2 миллиардга, Армения — 1,6 миллиард, Беларус — 5 жарым миллиард, Кыргызстан — 646 миллион долларга көбөйдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков