Дизелдик отунга болгон баалар белгиленди

Дизелдик отунга болгон баалар белгиленди

Өлкөдө дизелдик отунга дифференцияланган тариф бекитилди. Энергетика министрлигинин буйругуна ылайык, күйүүчү майдын баасы литрине 450 теңге деп такталган. Ал эми дизелдик отунга белгиленген лимит боюнча күнүнө 100 литр чыгат. Казакстан Республикасында берилген айдоочулук күбөлүгүн көрсөткөндөр үчүн литринин белгиленген баасы 230-260 теңге. Ал эми жүк, атайын адистештирилген унаалар жана автобустар үчүн бекитилген чек - 300 литр. Күйүүчү майдын баасында олуттуу өзгөрүү жок. Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында Аи-92 жана Аи-93 үлгүсүндөгү бензиндин баасы литрине 187 теңге болсо, башка аймактарда литрине 182 теңгеден сатылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков