Энергетика Казакстан
менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн башкы кыймылдаткыч күчү бойдон
кала берет. Эми гана бул тармактагы тараптардын байланыштары технологиялык
жактан бай экосистемага багыт алды. Башкача айтканда, эки өлкө санариптик трансформация
жана киберкоопсуздук жаатында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө артыкчылык
беришет. Борбор калаада өткөн «Борбор Азия-Кытай» биринчи регионалдык
энергетикалык форумунда эки тараптуу кызматташтыктын бир катар документтерине
кол коюлду. Ошондой эле жаңы келишимдердин алкагында «жашыл» энергетиканын дараметин
керекке жаратуу боюнча жаңы демилгелер колго алынат. Белгилей кетсек, буга
чейин Кытай менен биз кайра жанма энергия боюнча 30 долбоорду ишке ашырабыз. Алардын
жалпы кубаттуулугу 1700 МВт таза энергия өндүрүүгө жөндөмдүү болмок.
Цифэн Цзюй, POWERCHINA
компаниясы башкы мүдүрүнүн орун басары /Кытай:
- Макулдашуу узак
мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү көздөйт. Биз дүйнө жүзү боюнча
заманбап «жашыл» энергетикалык жабдууларды жеткиребиз. Казакстан менен бул
багытта байланышканыбызга көп жыл болду. Жаңы макулдашуу өндүрүштү
локалдаштыруу, илимий-изилдөө борборун түзүү, ошондой эле көмүртексиздендирүү
фондун ишке киргизүү боюнча кызматташуубузду андан ары өркүндөтүүгө мүмкүндүк
берет. Ал негизинен ушул өлкөнүн аймагында альтернативдүү энергия булактарын
өнүктүрүүгө байланышкан.
Жалпыынан форумдун
жүрүшүндө тармакты өнүктүрүүгө арналган эки тараптуу 8 документке кол коюлду.
Чийки затты терең кайра иштетүү үчүн технологиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча
жалпы ири өндүрүштүк долбоорлор ишке ашырылат. Алсак, өлкөдө жылына 2 млрд куб
метрге жакын газ өндүргөн көмүр жана карбамид заводдорун куруу боюнча
келишимдер түзүлдү. Казакстан-Кытай мунай түтүктөрүн кеңейтүү көздөлүп жатат.
Ерлан Аккенженов,
Энергетика министри:
- Биз Шымкент мунайды
кайра иштетүүчү заводун эки эсеге, тактап айтканда 12 миллион тоннага чейин
кеңейтүү боюнча макулдаштык. Бул келечекте күйүүчү майдын тартыштыгын камсыз
кылат. Биз газ тармагын бекемдөөнү улантуудабыз. «QazaqGaz» және CNPC
өнөктөштөрүбүз менен биргелешкен «Түндүк-1» долбоорун колго алдык. Бул биздин
ишканаларга энергияны гана эмес, жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

