Конституциялык
реформа Казакстандын саясий модернизациясынын эң маанилүү этабы болуп калат. Анын башкы максаты –
бийликтин тең салмактуу системасын түзүү, анда парламенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип,
мамлекеттик институттардын коомго отчёттуулугу күчөтүлөт. Башкаруунун жаңы архитектурасына
кандай өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу Парламенттин Мажилис депутаты, конституциялык
комиссиянын мүчөсү Айдос Сарым айтып берди. Анын айтымында, реформанын негизги
элементтеринин бири – парламенттик институт катары Курултайдын функциясын кыйла
кеңейтүү. Мисалы, өлкөнүн негизги мыйзамынын азыркы 53-беренесинде парламенттин
13 ыйгарым укугу бекитилсе, жаңы редакцияда алардын саны 23кө көбөйөт.
Мажилисмен белгилегендей, келечектеги саясий моделдин принципиалдуу,
концептуалдык өзгөрүүлөрү дал ушунда.
Айдос Сарым, Парламент Мажилисинин депутаты, Конституциялык реформа боюнча комиссиянын мүчөсү:
- Биз карай турган маселелер көбөйөт. Мисалы, мурда парламенттин функциясы экиге бөлүнчү. Мурда Улуттук банктын жетекчилерин дайындоо, алардын отчётторун угуу Сенатта өтчү. Азыр мунун баары Курултайга жүктөлүп жатат. Бардык маселелер ошол жерде талкууланат. Комитеттердин ролу, жумушчу топтордун ролу күчөтүлөт. Жалпысынан алганда, процедуралык көп маселелер өзгөрөт деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

