Касым-Жомарт Токаев Премьер-министрдин орун басары Тамара Дүйсенованы кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Премьер-министрдин орун басары Тамара Дүйсенованы кабыл алды

Казакстанда социалдык тармакка 14,5 триллион теңге бөлүндү. Бул жалпы мамлекеттик бюджеттин 60 пайызын түзөт. Бул тууралуу премьер-министрдин орун басары Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушууда билдирди. Тамара Дүйсенованын айтымында, бүгүнкү күндө социалдык чөйрөнү санариптештирүү деңгээли кызмат алуучуларды жана аларга көрсөтүлгөн кызмат көлөмүн аныктап гана койбостон, мамлекеттик колдоо чараларынын структурасына да оңдоолорду киргизүүгө мүмкүндүк берет. Касым-Жомарт Токаевге өкмөт тарабынан билим берүү, медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, социалдык объектилерди куруу жана айыл тургундарын колдоо боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков