Казакстандын товар өндүрүүчүлөрү жаңы рынокторду өнүктүрүүдө. Өлкөдө жасалган буюмдар азыр Кытайдын чоң аймагында да сатылат. Жакында Цзянсу провинциясында көп функционалдуу соода борбору ачылды. Анын павильондорунун бири казакстандык ишкерлерге, негизинен тамак-аш өндүрүүчүлөрүнө арналган. Бул тууралуу Соода жана интеграция министрлигинин башчысы Арман Шаккалиев билдирди. Текчелерде ата мекендик 50 ишкананын өнүмдөрү коюлган. Бир сааттын ичинде ата мекендик товарлар 15 миң долларга сатылды. Белгилей кетсек, борбор Казакстанга гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө да жол ачат. Мындан тышкары, республика менен Кытай Астанада мындай көп функциялуу борборду ишке киргизүү маселесин талкуулап жатат.
Арман Шаккалиев, Соода жана интеграция министри:
– Кытайлык Цзянсу провинциясы биз үчүн Бээжин жана Шинжаң-Уйгур автономиялуу округунан кийинки үчүнчү соода өнөктөшүбүз. Бизде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн чоң дарамет бар. Үстүбүздөгү жылдын 7 айында аталган облус менен соода жүгүртүү 1,7 миллиард доллардан ашты
Которгон: Илгиз Жамалбеков