Бүгүн Парламент Мажилиси менен маслихаттары депутаттарынын кезексиз шайлоо күнү

Бүгүн Парламент Мажилиси менен маслихаттары депутаттарынын кезексиз шайлоо күнү

Алар пропорционалдык-мажоритардык система боюнча өткөрүлөт. Парламенттин төмөнкү палатасынын 69 депутаты партиялык тизме боюнча, 29у бир мандаттуу округдардан шайланат. Облусттардын, борбордун, республикалык маанидеги шаарлардын маслихаттарында добуш берүү да аралаш система боюнча, ал эми райондордун жана облусттук маанидеги шаарлардын маслихаттарында добуш берүү бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча өткөрүлөт. Өлкө жарандары жалпы 10 миңден ашык пунктта өз тандоосун жасашат. Алардын 188де ыктыярчы аркылуу убактылуу катталып, добуш берүүгө болот. Башкача айтканда, шайлоо күнү шайлоо участкасы жайгашкан дарек боюнча 1 күнгө каттоо жүргүзүлөт. Шайлоочуларга добуш берүү үчүн беш түрдүү бюллетень сунушталат. Жалпысынан 12 миллиондон ашык адам добуш берери күтүлүүдө. Ал эми шайлоо жараянына 41 өлкөдөн жана ЕККУ, КМШ, ТМУ жана ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардан жалпысынан 793 байкоочу көз салат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков