Ички
туризм индустриясы инвесторлор үчүн абдан тартымдуу. Буга тармактын ишинин көрсөткүчтөрү далил болот. Маселен,
быйылкы жылдын биринчи жарымында бул тармакка инвестициянын көлөмү дээрлик 600
миллиард теңгеге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 27% өскөн. Рекорддук өсүү
темптери Улытау
облусунда, ошондой эле Актөбе,
Атырау жана Кызылорда облустарында катталган. Өлкөгө келген чет элдик саякатчылардын саны да оң динамика
көрсөтүп, алгачкы алты айда 7,5 миллионго жетти. Бул тууралуу тиешелүү
министрлик Астанада өткөн брифингде билдирди. Министрликтин айтымында, чет
элдик туристтердин агымынын көбөйүшү да каржылык натыйжаларга салым кошууда.
Мейманканалардан хостелдерге жана курортторго чейин жайгаштыруу объектилеринин
жалпы кирешеси 151 миллиард теңгеден ашты, бул былтыркыдан төрттөн бир эсе
жогору. Министрлик ошондой эле курорттук зоналарды өнүктүрүү боюнча бир катар
чараларды, анын ичинде алар үчүн атайын укуктук режимди белгилөөнү сунуштоодо.
Нуртас Карипбаев, Туризм
жана спорт министрлигинин туризм индустрия комитетинин төрагасы:
- Бул
артыкчылыктуу туристтик аймактарга берилген инвестициялык стимулдарга окшош
болот. Ошондой эле туристтик долбоорлорго жеңилдетилген насыяларды каржылоо
сунушталууда. Ошондой эле курорттук зоналарда милдеттүү талаптардын сакталышын
көзөмөлдөө жана байкоо системасын түзүү маанилүү. Бул система пландык жана
пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жана чектөө чараларын колдонууну камтыйт. Бул
сунуштарды ишке ашыруу курорттук аймактарды комплекстүү жөнгө салууга, тейлөөнүн
сапатын жогорулатууга, туристтерди көбүрөөк тартууга шарт түзөт деп ишенебиз.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

