Каспий деңизинин түбүндө була-оптикалык желелер тартылат

Каспий деңизинин түбүндө була-оптикалык желелер тартылат

Казакстан быйыл Каспий деңизи аркылуу була-оптикалык байланыш желесин тартуу боюнча эки ири долбоорду баштоону пландап жатат. Алардын бири Актау менен Азербайжандын Сумгаит шаарын байланыштырат. Бул максатта узундугу 300 чакырымдан ашкан суу астындагы кабель тартылат. Жеке инвестициялардын жалпы көлөмү 23 млрд теңгени түзөт. Интернет тармагын жүргүзүү боюнча иштер 2026-жылдын экинчи жарымында аяктайт деп күтүлүүдө. Кийинки долбоор «Батыш-Чыгыш гипермагистралы». Ал Кытайдан Актауга чейин созулуп, маалыматтарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген альтернативдүү багыт катары глобалдык «Батыш Европа – Түштүк-Чыгыш Азия» транспорттук коридорунун бир бөлүгүнө айланат.


Азамат Сериктаев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министрлигинин телекоммуникациялар комитетинин башкарма жетекчиси:


- Башкы максат-Казакстандын транзиттик дараметин жогорулатуу. Учурда Европадан келген негизги интернет-трафик өлкөгө өтүп жатат. Анын биздин аймак аркылуу өтүшүн камсыз кылышын каалайбыз. Бул өз кезегинде ири технологиялык компанияларды тартууга, трафиктин көлөмүн көбөйтүүгө жана Европа менен Кытайдын ортосунда түз транзитти жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.


Белгилей кетсек, интернет байланышын жүргүзүү идеясы мындан 6 жыл мурда сунушталган. Бирок, Транскаспий долбоору жаңы гана жигердүү ишке ашырыла баштады. Планга ылайык, подрядчик алгач желе төшөлө турган багытты аныктоо үчүн камералдык жана деңиздеги талаалык изилдөө жүргүзүлөт. Андан кийин гана долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков