Казакстанда Каспий деңизи жаңы деңгээлде изилденет. Ага ылайык, Республикада илимий изилдөө институту түзүлөт. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Суу чарба жана ирригация министрлиги бул чечимге байланыштуу тиешелүү долбоор түздү. Бул илимий борбор Каспий деңизинин экологиялык көйгөйлөрү менен алек болот.
Болат Бекниязов, Суу
ресурстары жана ирригация биринчи вице-министри:
- Учурда, тилекке
каршы, Каспий деңизинде аба ырайына мониторинг жүргүзүү жок. Бул институт ушул
боштуктун ордун толтурат. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн биринчи кезекте
жаңы маалыматтар керек. Ошондуктан мамлекеттик мониторинг толугу менен ушул
институт аркылуу жүргүзүлөт. Кандай көйгөй бар экени баарына белгилүү. Алар
итбалык, балык ресурстары, Каспий деңизи акваториясынын булганышы жана мунай
өндүрүү ишканаларынын иши.
Окумуштуулар Каспий деңизинин экосистемасындагы ар бир өзгөрүүгө көз салып турушат. Анын жыйынтыгы боюнча көз карандысыз маалымат сунушталат. Бул маалыматтардын баары мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын комплекстүү планын түзүү үчүн колдонулат. Институттун дагы бир багыты — Каспий жээгиндеги башка мамлекеттердеги кесиптештери менен тыгыз байланыш түзүү. Бул өз кезегинде Каспий деңизин сактап калуу боюнча бардык улуттук жана эл аралык милдеттенмелерди аткарууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков