Жетинин айынын 11инде президенттикке талапкерлердин дебаты өтөт

Жетинин айынын 11инде президенттикке талапкерлердин дебаты өтөт

Жетинин айынын он биринде Казакстанда президенттикке талапкерлердин дебаты өтөт. Анда ар бир талапкер өз программаларын сунуштап, атаандаштарынын жана шайлоочулардын суроолоруна жооп берет. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы дебаттардын регламентин бекитти.

Анастасия Щегорцова, БШК мүчөсү:

Биринчи турда шайлоо программасы боюнча баяндама жасоо керек. Ар бир талапкер өзүнүн шайлоо программасы менен тааныштыруу үчүн сөз сүйлөйт. Регламент үч мүнөт. Экинчи раунд - дебат сессиясы, анда катышуучулар атаандаштарына эки суроо берип, кайра атаандашы берген эки суроого жооп беришет. Суроо берүүчүгө 30 секунд, ал эми ар бир катышуучуга эки мүнөттүк убакыт берилет.

Казакстандын президентин шайлоо: 271 чет элдик байкоочу аккредитациядан өттү

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы Казакстандагы президенттик шайлоого көз салуу үчүн 271 чет элдик байкоочуну аккредитациялады. Белгилей кетсек, аяк оона айынын аягынан бери эл аралык уюмдардан жана 8 чет өлкөдөн 139 катышуучу каттоодон өткөн. Бул айда биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 134 байкоочуну сунуштады, анын ичинде дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 24 адам бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков