Кандаш макамын 18 миңден ашык адам алды

Кандаш макамын 18 миңден ашык адам алды

2024-жылы 18 миңден ашык этникалык казак кандаш макамын алды. Мындай маалыматты Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди. Алардын жарымына жакыны Кытайдан, калгандары Орусия, Өзбекстан, Монголия, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн келген. Эске сала кетсек, пилоттук режимде Казакстандын элчиликтери аркылуу кандаш макамын берүү механизми “бир терезе” принцибинин негизинде ишке кошулган. Дипломатиялык мекемелерде жумушка орношуу маселелерин чечүүгө, турак-жай берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билүүгө жана өлкөнүн аймагына кирбестен кандаш макамын алууга болот. Бүгүнкү күндө бул система аркылуу 23 миңге жакын кайрылуу кабыл алынды. Жалпысынан 1991-жылдан бери 1 миллион 146 миңден ашуун этникалык казак тарыхый мекенине кайтып келген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков