Казакстанда 1-Борбордук Азия волонтерлор форуму өтүүдө. Ага өлкөдөн, Тажикстандан жана Түркмөнстандан 200гө жакын ыктыярчылар катышууда. Чогулгандар Казакстанда акыркы жылдары ыктыярдуу уюмдардын саны үч эсеге көбөйгөнүн белгилешти. Алардын саны 4 эсеге өстү. Бүгүнкү күндө 600 уюмда 200 миңден ашык ыктыярчы бар. Кошумчалай кетсек, форумдун алкагында бир нече багытта окуу иш-чаралары жана волонтердук акциялар өткөрүлүүдө. Катышуучулар жаңы биргелешкен долбоорлорду түзүп, эл аралык деңгээлде кызматташуу орнотууга ниеттенип жатышат.
Олеся Баимова, ыктыярчы:
- Кээде айрым шаарларда демилгелүү топтор түзүлөт, бирок колдоого алынбайт. Алардын кадимки фронт-офиси жок, демек өз эсептеринен кеңсени ижарага алып, чогулушу керек. Бул волонтердук иш болгондуктан, өзүбүздүн каражатыбызга жасайбыз. Баары буга келип такалат. Ошентип, бир аз убакыт өткөндөн кийин топтор тарашат, кеңсеси да, башка колдоосу да жок калышат.
Мадияр Кожахмет, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлигинин комитет төрагасы:
- Бул иштин канчалык зарыл экендигин өлкөбүздүн тажрыйбасынан көрдүк. Пандемия жана башка табигый, техногендик кырсыктар учурунда ыктыярчылардын жардамы чоң роль ойноорун көрсөттү. Андыктан бул тажрыйбаны дүйнөгө жайылтуу жана алардан башка жаңы долбоорлорду алуу зарыл. Форум ушуну менен эле бүтүп калбайт. Кийинки жылы башка форумдарды өткөрүү пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков