«Калкаман-Мамыр» улуттук опера-балети сахналаштырылды

«Калкаман-Мамыр» улуттук опера-балети сахналаштырылды

«Астана Опера» театрынын репертуардык фонду дагы бир улуттук стилдеги спектакль менен толукталды. Борбордун көркөм чыгармачылык жамааты атактуу «Ромео менен Джульетта» сыяктуу эки казак ашыгынын улуу сезимдерин баяндады. Бул ата мекендик эл композитору Балнур Кыдырбектин “Калкаман-Мамыр” опера-балети. Рулас салт боюнча эки жашты ажыраткан окуясы бир кездери Тобыкты өлкөсүндө болгон. Деген менен бир мезгилге байланбаган, убакыт менен чектелбеген махабат баяны түбөлүктүү экени белгилүү.

Азамат Жылтыркөзов, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, опера ырчысы:

Бул спектакль Шакарим Кудайберди уулунун 165 жылдыгына карата коюлуп жатат десек болот. Анткени бул “Калкаман-Мамыр” опера балети ошол адамдын ырынын негизинде жазылган. Бул жерде эки ашыктын бирикпей калуусу, баарыңар билгендей казактарда жети чоң атага чейин кыз алып, кыз беришпеген. Бул спектакль ошол окуяны баяндайт.

Балнур Кыдырбек, композитор:

- Бүгүнкү жөнүндө айтсак, ал азыркы заманга ылайык чыгармачылык менен жасалган. Эгерде аны жер-шаарынын кайсы бир жеринде аткарылса, бардыгына түшүнүктүү болот. Бул бүгүнкү күндүн көз карашы менен жасалган дүйнө.

Ири масштабдагы жасалгалар, заманбап технологиялык чечимдер көрүүчүлөргө таштар менен гүлдөр, жек көрүү жана сүйүү ааламдарына саякаттагандай элес калтырат. Операдагы Калкаман менен Мамыр чыныгы каармандар, ал эми балетте катар жүрүп бий аркылуу ички сезимдерин бий аркылуу билдирген түгөйлөр алардын жан дүйнөсү. Бул белгилүү орус режиссеру Юрий Александровдун спектаклине киргизилген жагымдуу сахна чечими. Опера жана балеттин солисттеринен тышкары 200дөн ашык артисттер, хор жана симфониялык оркестр тартылган. Казак тилинде аткарылган эки актылуу спектакль орус жана англис тилдерине синхрондук котормо камсыздылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков