Казакстандын окуу мыктылары, спорт алдыңкылары, таланттуу жана зээндүү балдар борбор калаада өткөн Президенттик балатыга катышты. «Астана Опера» театрында өткөн «Жаңы жыл республика төрүндө» аттуу мааракелик иш-чара ар аймактан бардыгы 100 мектеп окуучусун чогултту. Өлкөнүн алдыңкы чыгармачылык уюмдарынын 400дөн ашуун артисти менен Мамлекеттик опера жана балет театрынын солисттери балдарга жаңы жылдык спектаклдерди тартуулашты. Ошондой эле, белгилүү казакстандык эстрада жылдыздарынын өнөрүнө күбө болушту. Балдардын бардыгына президенттин куттуктоосу жана баалуу белектери бар жаңы жылдык тилек кат тапшырылды.
Меруерт
Медетбекова, Казакстан Республикасынын Окуу-агартуу министрлигинин департамент
мүдүрү:
- Спорт, искусство жана
окууда өзгөчө айырмаланган балдар Астанага атайын
программанын алкагында чакырылган. Алар үч күндөн бери борбордо болушуп, башкы шаардын кооз жерлерин кыдырышты. Ал эми бүгүн алар президенттик жаңы жылдык балатыга катышууда. Аларга мамлекет башчынын
атынан белектер тапшырылды. 100 баланын ар бирине планшет, энциклопедиялык
китептердин топтомосу жана таттуулар салынган жонбаштык ыйгарылды.