Тюмендеги казактар ​​улуттук өнөрдү даңазалоодо

Тюмендеги казактар ​​улуттук өнөрдү даңазалоодо

Орусияда жыйырмадан ашык казак этно-маданий бирикмелери бар. Бүгүнкү күндө коңшу өлкөдө 1,5 миллиондой этникалык казак жашайт. Борборлордун бири Тюмень облусунда жайгашкан. Болжол менен 40 миң кандаштар тарыхый мекенинен байланышты үзбөй, улуттук өнөр менен салт-санааны ар дайым даңазалап келет. Эне тилди жайылтып жүргөндөрдүн бири Гүлбайра Абай кызы. Анын айтымында, чоңдор арасында да, балдар арасында да эне тилин үйрөнүп, өздөштүрүүнү каалагандар арбын.

Гүлбайра Абай кызы, казак тили мугалими:
- Биз Орусияда жүрсөк да өз эне тилибизди сактагыбыз келет. Үйрөткүбүз келет. Балдарга эмне берсек да, алар аны өздөштүрүп кетет. Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат деп бекеринен айтылбаса керек.

Аскар Калиев, шаар тургуну:
- Казактардын улуттук-маданий автономиясынын максаты – казактын үрп-адатын, салт-санаасын, тилин сактап калуу. Тюмень облусундагы казактар ​​өздөрүнүн салттарын жакшы сактап келе жатат деп ойлойм. Учурда жакшы өнүгүп жатат.

Мындан сырткары жыл сайын облуста Казак улуттук курултайы, казак маданиятынын күндөрү уюштурулуп, Нооруз майрамы кеңири белгиленип келет. Майрамдарда улуттук аспап – казактын кара домбрасынын орду өзгөчө. Белгилей кетсек, Тюмендеги казактар ​​улуттук өнөрдү даңазалоо, салт-санааларды жаштарга сиңирүү максатында домбра сабагын да жандандырышкан.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков