Астанада ATP 250 ASTANA OPEN 2023 эл аралык турнири башталды

Астана кайрадан эл аралык мелдештин чордонуна айланды. Борбор калаада теннис боюнча мелдеш башталды. Быйыл ТОП 50 оюнчунун 10у ATP 250 ASTANA OPENде ойнойт. Таймаш үстүнө дүйнөнүн мурдагы үчүнчү ракеткасы - швейцариялык Стэн Вавринка, француз Адриан Маннарино, сербиялык Ласло Джере, австралиялык Алексей Попырин жана башкалар чыгышы күтүлүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, турнирдин жалпы байге фонду, миллион доллардан ашат. Ата мекендик спортчулар командасы быйыл 4 оюнчудан турат. Команданын лидери Александр Бублик менен бирге Михаил Кукушкин, Андрей Голубев жана Александр Недовесовдор таймашат. 

Дмитрий Савчук, ATP 250 ASTANA OPEN 2023 турниринин мүдүрү:
-
Бублик Александр - алгачкы 4 эпизоддо турат, ошондуктан ал бул турнирде бизди дүйшөмбүдө да, шейшембиде да финалдык беттеште кубандырышын каалайбыз. Михаил Кукушкиндин жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар жана Александр Недовесов да жуптук таймашта абдан жакшы ойной алат. Бул дүйнөдөгү ири турнирлердин бири, дүйнөлүк серия деп аталат. Мен жогоруда айткандай, мындай турнирди өткөрүү Казакстан үчүн чоң жоопкерчилик жана чоң кадыр-барк. Биз ар дайым ушундай деңгээлдеги теннисчилерди көрүп турганыбызга кубанычтабыз. 4-жыл болгондуктан, көптөгөн теннисчилер Казакстанга келгенди жакшы көрүшөт. Муну биз оюнчулардын тизмесинен көрүп жатабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков