Казакстандын президенти Креативдик индустрияларды өнүктүрүү фондуна барды. Бул мамлекет башчысынын тапшырмасы менен түзүлгөн секторду колдоонун негизги институту. Жаңы мейкиндик таланттуу жаштарга, иштеп чыгуучуларга, инвесторлорго жана туристтерге тартылуучу жай болууга багытталган. Бул жерде цехтер, музыкалык залдар, саркеч-зоналар бар. Негизги жайлардын бири - Yurt Capsule иммерсивдүү мейкиндиги. Долбоор санариптик искусствону, мультимедиялык мазмунду жана маданий баяндоону айкалыштырат. Ошондой эле, Мамлекет башчысына Казакстандын өлкөлүк брендингинин концепциясы сунушталды. Ал маданий мурастарды заманбап чечмелөө аркылуу туристтик потенциалды ачууга жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө багытталган. Белгилей кетсек, Фонддун иши таланттарды колдоого, инвестицияларды тартууга жана ата мекендик өнүмдү тышкы рынокко чыгарууга багытталган. Ошондой эле ал бардык облустук борборлордо ачылган регионалдык хабдар үчүн координациялык борбор пайда болот.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

