Көкшетауда уникалдуу илимий-изилдөө борбору ачылды

Көкшетауда Акмола облусу үчүн уникалдуу илимий борбор ачылды. Борбордук Азия өнүктүрүү компаниясынын жетекчиси Акмарал Абендин айтымында, ал кремний жарым өткөргүчтөрүн изилдөө аркылуу альтернативалык отун өндүрүү, экологияны жакшыртуу жана кайра жанма энергия булактарын өндүрүү үчүн агроөнөр жай жана биохимиялык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган.

Назгүл Жунусова, экологиялык лабороториянын методисти:
-
Газ хроматографын колдонуу менен биз дарыялардын жана көлдөрдүн суусун изилдейбиз. Учурда Сейфуллин атындагы университет бизге Түндүк Казакстан менен Павлодар облусунун дарыяларынын жана көлдөрүнүн сууларынын үлгүлөрүн жөнөттү. Учурда изилдеп жатабыз.

Едиль Айшук, илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы:
-
Учурда биз камыштан био отунду өнүдүрүүнү сунуштап жатабыз. Бул отундун негизги артыкчылыгы, бензинге же отундун башка түрлөрүнө салыштырмалуу күйүү процессинде көмүр кычкыл газы азыраак бөлүнүп чыгат. Артыкчылыгы ушунда.

Кажымукан Карим, инженердик-техникалык бөлүмүнүн методисти:
-
Кремний жарым өткөргүчтөрүн күн батареяларын жасоодо, компьютерлер үчүн электрониканы түзүүдө, автоунаа өнөр жайында, учак жасоодо, кеме курууда колдонсок болот. Башкача айтканда, биз бул тармактарда колдонулуучу бардык электрониканы өзүбүз түзүп, жарым өткөргүчтөрдү өзүбүз изилдей алабыз.

Едиль Айшук, илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы:
-
Таштандыдан жасалган жер семирткичтер азыркы учурда Акмола облусунда колдонулуп жатат. Казакстандын түштүгүндө мөмө-жемиш бактары боюнча изилдөө иштери жүрүүдө. Келечекте аны өндүрүшкө жана сатууга киргизели деп жатабыз.

Ошондой эле, Акмарал Абен араб инвестициясынын эсебинен Илимий борбордун базасында GCC өлкөлөрү менен биргеликте Эл аралык халал борбору түзүлөрүн кошумчалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков