Сенаттын төрагасы АЭС куруу маселеси боюнча добуш
берүү күнүн Казакстан үчүн тарыхый күн деп атады. Маулен Ашимбаев өз
участогунда добуш берип, ар бир жарандын референдумга катышуусунун
маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал бул ар бир казакстандыктын
конституциялык укугу экенин эске салды. Парламенттин жогорку палатасынын
спикеринин айтымында, референдум жаңы укуктук маданиятты калыптандырууда
маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле төмөнкү палатанын спикери да өз тандоосун жасады.
Ерлан Кошанов бүгүн өлкөнүн
келечеги боюнча маанилүү чечим кабыл алынарын белгиледи. Эң башкысы, аны
эл кабыл алат. Мамлекеттик кеңешчи дагы өз участкасында добуш берди. Ерлан
Карин Казакстан КМШ жана Борбор Азияда мындай маселе боюнча референдум өткөргөн
биринчи өлкө экенин белгиледи. Референдум өткөрүү фактысынын өзү жарандардын,
коомдун жана мамлекеттин ортосундагы диалогдун кеңейгендигин күбөлөндүрөт.
Президенттик аппараттын башчысы Айбек Дадебай президенттин борборунда жайгашкан
шайлоо участогунда АЭС куруу боюнча республикалык референдумда добуш берди.
Өлкөнүн Премьер-министри Олжас Бектенов Астанадагы мектеп окуучулар ордосундагы
участкадагы добуш берүүгө катышты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков