Казакстандын
президенти Акордада Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си
Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев бул сапар эки өлкө
ортосундагы кажыбас достуктун айкын далили экенин баса белгиледи. Бүгүнкү күндө
эки тараптуу байланыштар жаңы «алтын доорго» жетип, эки өлкөнүн социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнө салым кошууда. Жалпысынан алганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча,
эки тараптуу соода көлөмү рекорддук 44 миллиард долларга жетти. Мамлекет
башчысы БУУ, ШКУ, СВМДА, БРИКС+ жана «Борбордук
Азия – Кытай» форматын кошо
алганда, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында Казакстан менен КЭРдин өз
ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээлин белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Кытай
Эл Республикасы-Казакстандын жакын коңшусу, жакын досу жана ишенимдүү өнөктөшү.
Сиздин жеке колдооңуздун аркасында казак-кытай өз ара аракеттешүүсү ар тараптуу
жана түбөлүк стратегиялык өнөктөштүк духунда болуп көрбөгөндөй темпте өнүгүүдө.
Эгерде биздин жалпы тарыхыбызды кылдат изилдеп көрсөк, өлкөлөрүбүздүн
ортосундагы мамилелер ар дайым достуктун жана кызматташтыктын негизинде, эч
кандай чыр-чатаксыз жана тоскоолдуктарсыз курулганына ынанууга болот. Алар ар
дайым түшүнүү жана жакшы ниет менен айырмаланып турган.
Кытай эли казак элине эч качан зыян келтирген эмес.
Касым-Жомарт
Токаев Кытайды Казакстандын жакшы
коңшусу жана убакыт сынагынан өткөн ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү деп атады. Анын
айтымында, өлкөлөр ортосундагы мамилелер туруктуу мүнөзгө ээ жана геосаясий
чакырыктардын жана толкундоолордун, ошондой эле эл аралык конъюнктуранын терс
таасирине дуушар болбойт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Кытай
Казакстан менен кызматташтыкта эч качан саясий шарт койбойт. Биздин
эгемендүүлүгүбүздү жана коопсуздук кепилдигибизди ар дайым колдооңузду
баалайбыз. Биз Кытайдын тынчтыкты сүйгөн демилгелерин колдойбуз, адилеттүү
дүйнө тартибин түзүүдө сиздердин өлкөнүн негизги ролун жогору баалайбыз.
Казакстандын президенти Кытай компаниясы республикада дагы бир АЭС куруу
долбоорунда стратегиялык өнөктөш катары каралып жатканын баса белгиледи. Өз
кезегинде Си Цзиньпин казак жериндеги жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык
билдирди. Ал Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги астында Казакстан Улуттук кайра
жаралуу жолуна түшкөнүн жана өнүгүүсүндө жаңы жетишкендиктерге жетишүүнү
улантып жатканын белгиледи.
Си Цзиньпин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы:
- Кытай
менен Казакстандын ортосундагы мамилелер дүйнөнүн өзгөрүп турган кырдаалында
сыноодон өтүп, динамикалуу өнүгүүнү улантууда.
Бул географиялык жакындык жана кылымдарды карыткан достук менен гана эмес,
өлкөлөрүбүздү биргелешип өнүктүрүүгө болгон табигый муктаждык менен да мүмкүн
болду. Бир катар социалдык маанилүү долбоорлорду жемиштүү ишке ашыруу эки
өлкөнүн элдерине сезилерлик пайда алып келет. Мен сиздер менен бирге Кытай
жана Казакстан ортосундагы достукту бекемдөөгө, Кытай-Казакстан мамилелери
региондун жана жалпы дүйнөнүн өнүгүшүнө дагы чоң салым кошуусу үчүн биздин көп
пландуу кызматташуубузду кол кармашып илгерилетүүгө даярмын.
Сүйлөшүүлөрдүн
жыйынтыгында өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык
24 документке кол коюлду. Алар энергетика, аэрокосмос, санариптештирүү, бажылык
жөнгө салуу, айыл чарба, электрондук
коммерция, туризм, медицина, медиа, илим жана аймактар аралык байланыштарды
камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

