Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуу жасады

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуу жасады

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуу жасады. Анда ал өлкөдө антитеррордук операция уланып жатканын белгиледи. Конституцияга ылайык укук тартибин калыбына келтирүү боюнча милиция, Улуттук гвардия жана армия тарабынан масштабдуу жана күчөтүлгөн координация иштери жүргүзүлүп жатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти

Чет өлкөдө тараптар менен сүйлөшүү жүргүзүп, көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган пикирлер айтылууда. Мунун баары куру сөз! Кылмышкерлер жана канкорлор менен кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн?

Биз куралданган жана машыгуудан өткөн жергиликтүү жана чет элдик согушкерлерге туш болуп жатабыз. Тактап айтканда, бандиттер жана террористтер менен. Ошондуктан, аларды жок кылуу керек. Бул жакын арада жүзөөгө ашырылат.

Укук коргоо органдары бул милдетти моралдык жана техникалык жактан аткарууга даяр.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ЖККУнун уставынын негизги жоболоруна ылайык, Казакстан конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү үчүн уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынан биргелешкен тынчтык күчтөрүн киргизүүнү суранган.

Тынчтыкты орнотуучу күчтөр өлкө аймагындагы стратегиялык объектилерди коргоо жана күзөтүү үчүн кыска мөөнөткө келишти.

Алматыда террористтер административдик имараттарга гана эмес, карапайым калктын мүлкүнө да зыян келтиришти.

Ошондой эле, жүздөгөн жарандар жана аскер кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч туулду.

Каза тапкан жарандардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам.

Антитеррордук операция уланууда. Согушкерлер куралын таштай элек жана кылмыш иштерин улантууда же ага даярдык көрүүдө. Биз алар менен акырына чейин күрөшүшүбүз керек. Багынбагандарды жок кылабыз.

Келечекте башыбыздан өткөргөн окуялардан сабак алышыбыз керек. Мунун социалдык-экономикалык оорчулугу да бар.

Үчтүн айынын 11деги Мажилисте сүйлөй турган сөзүм боюнча өкмөт конкреттүү чечимдерди кабыл алышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков