Диалог аянтчасында жасалган орток пикир мыкты демилгелерди изилдөө менен Президенттин аппараты алектенет. Бул мамлекет менен коомдун ачык диалогун орнотууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Түркестандагы Улуттук курултайдын экинчи жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы өткөн жылы улут уясы болгон Улытауда өткөн жолугушуудан кийин өлкө турмушундагы олуттуу окуяларга токтолду. Биринчи курултай жалпы элдик референдумдан кийин чакырылган. Президент бул Адилеттүү Казакстанды түзүү жолундагы өзгөчө мааниге ээ болгон тарыхый мезгил экенин айтты. Конституциялык реформа жасалып, узак мөөнөттүү демократиялык багыт аныкталды. Кийинки максат – коомдогу терең социалдык-маданий өзгөрүүлөр менен катар саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашыруу, деди президент. Мында 8 негизги маселеге өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Айрыкча чек ара аймактарын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү, мамлекеттик саясатты талдоо, талдоо жүргүзүү кызматын сапаттуу жүргүзүү көрсөткүчтөрү маанилүү. Маалыматтык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү артта калууда. Ошондой эле мамлекет башчы улуттун тарыхый аң-сезимин жаңыртып, мамлекеттик символикаларды өркүндөтүп, жаш муундарды тарбиялоого жетиштүү көңүл бурууга чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков