Казакстан кезексиз шайлоо өтүп жатат

Казакстан кезексиз шайлоо өтүп жатат

Асел Макешево, №64 шайлоо участкасынын катчысы:

- Биздин шайлоо участогунда 2556 шайлоочу катталган. Бүгүн кечки саат 8ге чейин бардык жарандар келип, өз тандоосун жасай алышат. Бул жолу ар бир шайлоочуга бештен бюллетень берилет. Мындан тышкары, шайлоо участогуна келе албаган 10 шайлоочудан арыз түшкөн. Буга байланыштуу эки адамдан турган көчмө комиссия уюштуруп жатабыз. Ал эми шайлоо участкасында атайын кабина уюштурулуп, кулакчын, трафарет, лупа жана Брайл шрифти менен жабдылды.

Ошондой эле, медициналык мекемелерде дарыланып жаткан жарандар да бүгүн добуш бере алышат. Костанай облустук ооруканасында биринчи кезекте травматология бөлүмүнүн бейтаптары өз тандоолорун жасашты. Бул жерде учурда 400дөй бейтап бар.

Ирина Сяцко, бейтап:

- Баары ойдогудай жүрүп жатат, бардык шарттар түзүлгөн. Ар ким өз каалоосу боюнча талапкерлерге добуш берип жатат. Казакстандын ар бир жараны өзүнүн конституциялык укугун колдонушу керек.

Шайлоодо Улытау аймагынын тургундары да жигердүүлүк көрсөтүүдө. Облус боюнча 134 шайлоо участкасы ачылган. Аймакта 140 миңден ашуун тургуну добуш берүүгө укуктуу. Алардын арасында бүгүн баш кошуп жаткан жаш жубайлар да бар.

Нурболат Меркитов, Жанар Орынбаева, жаш жубайлар:

- Бүгүн өзүбүздүн тоюбуз. Ага карабастан, шайлоо участогуна өз добушубузду берип, Казакстандын демократиясынын өнүгүшүнө салым кошуу үчүн келип жатабыз. Биз жаш үй-бүлө болсок да, биздин үй-бүлөдө демократия. Ар ким каалагандай добуш берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков