Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өткөн Казакстандын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында өлкөнүн азык-түлүк көз карандысыздыгын бекемдөө маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуунун жана айыл чарбасын, ата мекендик агрардык илимди модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, жерлерди деградациядан коргоо боюнча иш-чараларды активдештирүү актуалдуу маселе бойдон калууда. Ошондой эле, айыл чарба техникасынын паркын жаңылоо процессин системалуу түрдө уюштуруу жана жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган менчик үрөн фондун түзүү боюнча жаңы ыкмалар керек. Өлкө башчысы дыйкандарды жана азык-түлүктөрдү өндүрүү менен алектенген ишканаларды мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө ыкчам түрдө көңүл буруу керектигин айтты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков