К. Токаев менен В. Путин аймактар аралык кызматташтык форумуна катышты

К. Токаев менен В. Путин аймактар аралык кызматташтык форумуна катышты

Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин видео конференция режиминде Казакстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташтыгынын XXI форумуна катышты. Эскерте кетсек, бул жылы иш-чара өлкөдө – Уральск шаарында өтүп жатат. Мамлекет башчысы Казакстан менен Орусиянын жемиштүү стратегиялык кызматташтыгы үчүн бул аянтчанын өзгөчө ролун белгиледи – анткени экономикалык өсүш жана тармактардагы өнөктөштүк үчүн шарттар дал ушул аймактарда түзүлөт. Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жумушчу кесиптеги адамдардын кошкон салымына да токтолду. Ал, Казакстанда жүргүзүлүп жаткан техникалык жана кесиптик билим берүү системасын трансформациялоо, студенттерди кепилденген жумуш менен камсыз кылуу механизмин киргизүү, санариптик технологияларды колдонуу жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев мамлекет тарабынан жумушчу кесиптердин кадыр-баркын жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи. Президент адистердин жогорку квалификациясы жана заманбап көндүмдөрү Казакстан менен Орусиянын өнөр жай өсүшүнүн жана технологиялык модернизациясынын негизи болуп саналарын билдирди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Бул уникалдуу аянтчада жаңы экономикалык, инфраструктуралык жана гуманитардык долбоорлор жаралып, алар аймактык деңгээлде ырааттуу ишке ашырылат. Бул абдан маанилүү, анткени экономикалык өсүш жана өнөр жай, айыл чарба, илим, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташуу үчүн шарттар дал ушул аймактарда түзүлөт. Биздин өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүсү жыл сайын туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканы кубандырат.


Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:


- Региондук байланыштар эки тараптуу мамилелердин бүтүндөй комплексинин чындап ишенимдүү пайдубалы болуп саналат жана алар экономика, соода, энергетика, транспорт, айыл чарба, санариптик технологиялар жана башка көптөгөн тармактарды камтыйт. Жалпысынан алганда, Орусия Федерациясынын 89 субъектинин 76сы Казакстандын бардык 17 облусу менен түздөн-түз байланышта.


Которгон: Илгиз Жамалбеков