Касым-Жомарт Токаев Шанхайга болгон жумушчу сапарынын алкагында кытайлык ири компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Xiaomi корпорациясынын өнөктөшү жана президенти Лу Вэйбинг менен жолугушууда мамлекет башчысы AI, булут технологиялары жана санарип платформалар боюнча кызматташууну талкуулады. Тараптар ошондой эле казакстандык адистерди AI системаларын тейлөөгө үйрөтүү, андан тышкары электромобилдерди жана аккумуляторлорду чыгарууну талкуулашты. Президент мамлекет компаниянын өлкөдө ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган демилгелерин колдоого даяр экенин ырастады. Ал эми CATL мүдүрлөр кеңешинин теңтөрагасы Пань Цзянь менен жолугушууда Касым-Жомарт Токаев корпорациянын Казакстанда аккумулятор кубаттагычтарын чыгаруучу заводун куруусун колдоду. Мамлекет башчысы өлкө чийки затты кайра иштетүүдөн баштап даяр өнүмдөрду чыгарганга чейин толук өндүрүштүк циклин түзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин билдирди. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө CATL электромобилдер үчүн аккумуляторлордун дүйнөлүк рыногунун 40% ээлейт. Өз кезегинде, Казакстандын транспорттук-логистикалык жана энергетикалык дараметин бекемдөөчү долбоорлорду Касым-Жомарт Токаев China Communications Construction Company компаниясынын президенти Чжан Биньнань менен талкуулады. Тараптар Бахты – Аягөз темир жолун куруу жана Каспий деңизинде түбүн тереңдетүү иштерин жүргүзө турган ишкананы түзүү маселелерин карашты. Президент компания менен Алматы облусунда Казакстанда биринчи жолу курула турган кубаттуулугу 600 МВт болгон гидроаккумулятордук электр станциясын куруу долбоорун биргелешип иштеп чыгуу боюнча келишимдин түзүлгөндүгүн колдоду. Ал эми Guoyou Materials Group Казакстандын Курык портунда мультимодалдык хаб курууну пландап жатат, анын биринчи этабында өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 15 миллион тонна болот. Бул долбоорду Касым-Жомарт Токаев топтун мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Юй Боян менен талкуулады. Комплекс деңиз жана темир жол каттамдарын байланыштырат, ошондой эле Казакстандын экспорттук жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

