Казакстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык оң темп менен өнүгүп жатат. Эки өлкөнүн ортосунда 4 миллиард долларлык 20 ири долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путиндин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мааракелик саммитинен кийинки жолугушуусунда айтылды. Президенттер эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты жана алдыдагы иш-чаралардын графигин талкуулашты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Чындыгында биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана саясий кызматташтыктын темпи начар деп айтууга негиз жок. Товар жүгүртүү 25 миллиард долларга жетти. Орусия Казакстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү. Ушул себептен улам, мен биздин Өкмөткө сооданын жана инвестициянын ушул динамикасын жана көлөмүн сактап калуу менен чектелбестен, учурдагы геосаясий кырдаалда бардык кыйынчылыктарга карабастан, аларды арттыруу милдетин тапшырам. Мен өзүм менен бирге бул тармакка жооптуу биринчи вице-премьер-министр баштаган негизги мамлекеттик кызматкерлерди алып келдим. Аларга ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, конкреттүү натыйжага жетишүү үчүн Федерациянын өкмөтү менен бизнес багытында иш алып баруу милдети коюлду.
Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:
- Жалпысынан биздин бардык тармактарыбыз жакшы өнүгүп жатат. Өткөн жылы товар жүгүртүү 34%га өскөн. Орус компаниялары Казакстандын экономикасына 17 миллиард доллар инвестиция салышты. Бардыгыбызга түшүнүктүү жана белгилүү болгондой азыркы кыйынчылыктарга карабастан кырдаал жакшы өнүгүп келе жатат.
Тараптар быйыл күзүндө Оренбургда өтө турган аймактар аралык форумда бардык эки тараптуу экономикалык маселелерди талкуулоону макулдашты. Касым-Жомарт Токаев Владимир Путиндин чакыруусу менен кулжа айында Санкт-Петербургда өтө турган экономикалык форумга катыша турганын тактады. Казакстандын өкмөттүк делегациясы Екатеринбургда боло турган ири өнөр жай көргөзмөсүнө да катышууну көздөөдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков