«Астана Балет» театрынын Грузиядагы биринчи гастролдук сапары аншлаг менен аяктады. Чыгармачыл топ Тбилиси шаарынын тургундарына жана меймандарына “Улуу талаанын мурасы” программасын тартуулады. Ал үч спектаклден турат. Балетмейстер Мукарам Авахри койгон «Саломея», Рикардо Амарантенин « Fuego Lento» неоклассикалык балети көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапты. Программанын экинчи күнүндө улуттук чыгармалардан жана заманбап хореография менен мыкты айкалышкан концерт сунушталды.
Айгүл Тати, «Астана балет» театрынын хореографы:
Улуу талаанын мурасы программасына түрдүү стилдеги жана өзгөчөлүктөгү улуттук бийлер кирди. Албетте, Казакстан балетмейстерлеринин чыгармачылык кол тамгалары өзгөчөлөнөт. Бул эң биринчиден биздин табиятыбыз жана аны менен тыгыз байланышкан руханий дүйнөбүз.
Александр Совостьянов, «Астана балет» театрынын мүдүрү:
Биз Грузиянын борборунун негизги сахналарынын биринде мүмкүн болушунча өз өнөрүбүздү көрсөтүүгө аракет кылдык. Быйыл жолубуз болуп ушул жерге келдик. Бир нече муундар бою балет өнөрүндө тарбияланган жергиликтүү көрүүчүлөрдүн баалоосу биз үчүн абдан маанилүү.
Миң кырдуу музыка менен аткаруучулардын жогорку деңгээлдеги чеберчилиги, улуттук стилдеги кийимдер, сахнанын жасалгасы айкалышкан көркөм кече көрүүчүлөргө чоң таасир калтырды. Ар бир миниатюрада – жаштык, назиктик жана жашоого болгон ынтызарлык менен ачык улуттук мүнөз даана көрүнүп турат. Казак элинин бул сапаттары грузиндерге жакын болуп чыкты.
Мари Буджиашвили, көрүүчү:
Буга чейин мындайды көргөн эмесмин. Баары абдан мыкты болду. Келгениме абдан кубанычтамын. Казак артисттерин көп көргүбүз келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков