Бүгүн Акордада Гвинея-Бисау Президентин салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Умару Сиссоко Эмбало Казакстанга расмий сапар менен келди. Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдө Гвинея-Бисау өлкөнүн Африка континентиндеги маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи. Президент Казакстан эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди. Өлкөлөрдүн актуалдуу эл аралык маселелерге карата көз караштары окшош жана республика негизги эл аралык түзүмдөрдө - биринчи кезекте БУУла ошондой эле Ислам Кызматташтык Уюмунда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр. Өз кезегинде Умару Сисоку Эмбало мамлекет башчыга меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосунда байланыш жаман эмес экенин айтты. Ал эми президенттер жолугушуудан кийин расмий делегациялардын катышуусу менен кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Касым-Жомарт Токаев Гвинея-Бисау башчысынын тарыхый сапарын атап, анын эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи. Өз ара аракеттенүүнү күчөтүү – түшүнүктүү. Өлкөлөр кызматташтыкта жаңы этапты ачууну көздөп жатышат. Айрыкча, өткөн жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелер орногондон бери 10 жылдык чекти басып өтүштү. Ал эми ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг учурунда мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн эң негизги учурларына токтолушту.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биздин өлкөлөр транспорттук-логистикалык тармактын дараметин максималдуу пайдаланууга кызыкдар. Биз Бисау порту менен Батыш Африкадагы Транскаспий транспорт коридорунун жолдорун изилдөөгө макул болдук. Бул дүйнөдөгү геосаясий кырдаал жана азык-түлүк коопсуздугу барган сайын курчуп бараткан учурда өзгөчө маанилүү.
Тараптар айыл чарба тармагында келечек чон экенин белгилешти. Алсак, Казакстан дан эгиндерин экспорттой алат. Касым-Жомарт Токаев санариптик кызматтар жаатындагы байланыштарды кеңейтүүнү сунуштап, Африка өлкөсүнүн өкүлдөрүн келерки жылы Астана эл аралык форумуна катышууга чакырды. Мындан тышкары Гвинея-Бисау жаштары казакстандык ЖОЖдордо билим алууга чакыруу алышты. Тараптар кен казуу өнөр жайында да өз ара аракеттенүүнү жогорулатууну көздөп жатышат.
Умару Сисоку Эмбало, Гвинея-Бисау президенти:
- Казакстан жана Гвинея-Бисау жаратылыш ресурстарын чалгындоо, көмүр суутектерин түзүү жана экспорттоо сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү үчүн керектүү механизмдерге ээ. Биз ошондой эле ар кандай эл аралык платформалардагы байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө жана көп кырдуу байланыштарыбызды илгерилетүүгө кызыкдарбыз.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча президенттер биргелешкен билдирүү жасашты. Ал эми расмий делегациялардын мүчөлөрү бир катар документтерге кол коюшту. Алардын арасында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандум да бар.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

