Азербайжан менен Казакстандын ортосунда 14 документке кол коюлду

Азербайжан менен Казакстандын ортосунда 14 документке кол коюлду

Казакстан менен Азербайжандын жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча 14 келишимге кол коюлду. Тараптар телекоммуникация, транспорт жана логистика, соода-экономика, энергетика, маданият, ошондой эле, Казакстандын мунай экспортун 50%га көбөйтүү сыяктуу тармактарда пикир алмашты. Бүгүнкү күндө Транскаспий эл аралык транспорт багытынын аркасында Казакстандын «кара» алтынын ташуу 1,5 миллион тоннага жетти. Деген менен президент эки өлкөнүн дараметин эске алуу менен Транскаспий тамырын кеңейтип, жүк ташууну көбөйтүүнү тапшырды. Ал эми «Орто» коридору боюнча жүк ташуу 65 пайызга өскөн. Сандар тууралуу айта турган болсок, 2022-жылы бул көрсөткүч 1,7 миллион тонна болсо, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча дагы 1 миллион тоннага көп жүк ташылган. Ошондой эле, Казакстан терминалынын ачылышы менен бирдин айында «Кытай-Казакстан-Азербайжан» багыты боюнча биринчи контейнердик блок поезддин ишке кириши Транскаспий каттамына түрткү берет. Сиань шаарынан Апшеронго келген контейнердик поездди эки өлкө президенттери телекөпүрө режиминде тосуп алды. Мамлекет башчысы азыркы глобалдык геосаясий туруксуздук кырдаалда Евразиянын жаңы транспорт-логистика системасы түзүлүп жатканын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Биз бүгүн дүйнө жүзү боюнча ресурстардан тышкары, транспорт-логистика тармагындагы мүмкүнчүлүктөргө жетүү үчүн атаандаштык күчөп келе жатканы тууралуу айттык. Бул стратегиялык тармак. Казакстан да, Азербайжан да ишенимдүү өнөктөш катары бул багытта тыгыз мамиледе болуп жатканы кубандырат. Сиань портунан Казакстан аймагы аркылуу Азербайжанга чейинки темир жол каттамынын ачылышы чоң мааниге ээ. Бул чынында, абдан маанилүү чара. Биз санариптештирүү, жасалма интеллект системасын түзүү, Каспий деңизи аркылуу оптикалык-була байланыш тармагын тартуу багыттарында күч-аракеттерди бириктирүү тууралуу пикир алмаштык. Мунун баары уникалдуу долбоорлор.

Президент Азербайжанды Казакстандын стратегиялык өнөктөшү катары белгилеп, ЖМК өкүлдөрүнө арналган брифингде боордош мамлекетке жасаган сапарынын маани-маңызына токтолду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Бул мамлекеттик сапар өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жагынан абдан маанилүү. Мени менен бирге чоң делегация келди. Бул боордош Азербайжан өлкөсүнө пландалган мамлекеттик сапарга болушунча дыкаттык менен даярданганыбызды билдирет. Бүгүн биз тиешелүү документтерге жана макулдашууларга кол коюу аземине катыштык. Эң негизгиси, макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн өкмөттөрү менен башка да тармактык мекемелер жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды толук кандуу ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшайт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын лидерлери көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында кызматташууну бекемдөө маанилүү экенин белгиледи. Президент Казакстан менен Азербайжандын БУУ, ТМУ (Түрк мамлекеттер уюму), ЕККУ (Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму) жана башка да өтө маанилүү эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуусуна өзгөчө токтолду. Бул эл аралык деңгээлдеги кызматташтык мындан ары да уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков