Алматынын алмаларына биологиялык коргоо ыкмасы жүргүзүлүүдө

Алматынын алмаларына биологиялык коргоо ыкмасы жүргүзүлүүдө

Казакстандык окумуштуулар Алматынын белгилүү алма бактарын Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен биргеликте комплекстүү биологиялык коргоо ыкмасын жүргүзө баштады. Өсүмдүктөрдү илдеттерден жана зыянкечтерден коргоо пестициддер менен эмес, заманбап биопрепараттар менен ишке ашырылат. Коргоо ыкмаларынын бири – минералдарды дрон менен чачуу. Долбоор мындан 2 жыл мурун башталган. Натыйжада дарактардын иммундук системасы күчөдү.

 

Бул ыкмалардын бир гана түрү. Ал эми ыкмалардын комплексинин арасында метеостанциялардын жардамы менен болжолдоо бар. Бул ишке атайын көчмө диагностикалык лаборатория тартылат.

 

Жанна Исина, илимпоз:

- Дарактын сөңгөгүнө жазында биз антагонист козу карындарын киргизебиз. Анан гүлдөгөнгө чейин биз белги берүү үчүн феромондук капкан орнотобуз. Ал бизге дары себүү ишин системалуу түрдө жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул жерде биздин чоң метеостанция жайгашкан. Андан кийин, метеостанция жалбырактардын нымдуулугун текшерет. Бул бакчадагы оорулардын алдын алуу үчүн жасалат.

 

Арман Жамиев, Чарба кожолугунун башчысы:

- Натыйжада биз мол түшүмгө ээ болдук. Былтыр бир гектардан 20-25 тонна өнүм алдык. Ошондой эле, алманын даамдык касиеттери жакшырды. Алманын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу азайбай, тескерисинче иммундук системасы да жакшырды.

 

Өсүмдүктөрдү коргоонун комплекстүү системасы сортторго гана эмес, ошондой эле, ар кайсы аймактардын өзгөчөлүктөрүнө да көз каранды. Технологияларды туура колдонуу пестициддердин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө келтирген зыянын азайтууга мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков