Казакстандын президенти Египеттеги кыйыр сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча жетишилген келишимди кубаттай турганын билдирди. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Касым-Жомарт Токаев аталган өлкөнүн, ошондой эле Катардын, Түркиянын ортомчулук ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана АКШнын президенти Дональд Трамптын жетекчилиги астында Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкка жетишүү боюнча сүйлөшүү процессине кошкон өзгөчө салымын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

