К. Токаев финансылык мониторинг боюнча агенттиктин төрагасынын отчетун укту

К. Токаев финансылык мониторинг боюнча агенттиктин төрагасынын отчетун укту

Мамлекет башчысы Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев агенттиктин ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу отчетун укту. Женят Элиманов мажилиске арам акчаны адалдоого каршы күрөшүү маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Алардын кабыл алынышы Казакстанга FATF стандарттарына толук техникалык шайкеш келүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, президентке жарандарды каржылык алдамчылыктан коргоо чаралары тууралуу маалымат берилди. Ошентип, 5 миңден ашык сайт жабылды. 24 каржы пирамидасы жок кылынды. Мамлекет башчысы экономикалык кылмыштардын алдын алуу жана мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү адалдоого каршы күрөшүү боюнча иштерди улантууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков