Президент Ички иштер министрлигинин кеңейтилген жыйынын өткөрдү

Президент Ички иштер министрлигинин кеңейтилген жыйынын өткөрдү

Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Ички иштер министрлигинин кеңейтилген жыйынында билдирди. Президенттин айтымында, өлкөдө бир нече пилоттук долбоорлор колго алынды. Алардын бири “элге жакын полиция” принциби. Мунун аркасында тургундар менен тыгыз иш алып барган бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү жөнгө салынды. Ошондой эле, Мамлекет башчысы сотко чейинки тергөө тармагына да көңүл буруу керектигин айтты. Касым-Жомарт Токаев үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу, жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууну тапшырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Тартип сакчыларынын иши оңой эмес. Бул белгилүү. Күнү-түнү иштеген учурлар көп болот. Ошондой эле коркунучтар да бар. Суткасына 24 саат бою даяр болуу үчүн көп эмгек жана чыдамкайлык керек. Анткени оор кырдаалга кабылган адамдар биринчи кезекте полициядан жардам күтүшөт. Биздин жарандар сиздерди мамлекеттин, башкача айтканда, өкмөттүн өкүлү катары көрүшөт. Коркунучтан коргойт деп ишенишет. Ошондуктан сиздерге ар дайым чоң жоопкерчилик артылат.

Мындан сырткары, президент өлкөнүн бардык аймактарында тармакты санариптештирүүнү тапшырды. Бул полициянын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылып, эффективдүүлүктү жогорулатат. Коллегиялык жыйындан кийин мамлекет башчысына жарандарга убакытты үнөмдөөгө жана документтерин өз алдынча иштетүүгө мүмкүндүк берген «Дактилоскопиялык каттоо» долбоору, ошондой эле «Коргоо» мобилдик тиркемесинин иштөө принциптери менен тааныштырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков