К. Токаев «Болашак» стипендианттарын куттуктады

К. Токаев «Болашак» стипендианттарын куттуктады

Казакстандын Президенти «Болашак» стипендианттарын куттуктады. Эске салсак, быйыл эл аралык программанын ишке киргенине 30 жыл толот. Касым-Жомарт Токаев бул өлкөнүн бардык аймактарынан келген таланттуу жаштарга жол ачкан теңдешсиз программанын маанилүү учуру экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы уникалдуу долбоор өлкөдө алдыңкы жана квалификациялуу кадрлардын резервин калыптандырууга чоң салым кошконун кошумчалады. Бүгүнкү күндө «Болашак» программасынын миңдеген бүтүрүүчүсү ар түрдүү тармактардагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жарчысы болуп, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү иштеп келет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Азыр Казакстанды өнүктүрүү үчүн жаңы дем керек. Биздин алдыбызда өлкө экономикасын кайра куруу, саясий системаны мындан ары жаңылоо, адилеттүү жана инклюзивдуу коомду калыптандыруу сыяктуу масштабдуу милдеттер турат. Буга байланыштуу билим берүү тармагына инвестиция салуу жана жарандардын өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануусуна шарт түзүү абдан маанилүү.

Ошондой эле, Президент чынчыл атуулдук сапаттарга ээ болгон таланттуу, эмгекчил, талапчыл жаштарга мамлекет ар дайым колдоо көрсөтүп келерин айтты. Буга кошумча, Касым-Жомарт Токаев «Болашак» программасынын бүтүрүүчүлөрү гана эмес, өлкөдөгү бардык жаш адистер Казакстанды ар тараптуу жаңыртуу жолунда салым кошот деген ишенимин билдирди. 

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков