Актауда абал турукташты

Актауда абал турукташты

Актаудагы митинг толгу менен аяктады. Шаардын тургундары бир нече күндөн бери чогулган Ынтымак аянтында азыр абал тынч. Эл тарап, боз үйлөр жыйналып, бардык тосмолор алынып, мурда тосулган жолдор ачылды. Бир сөз менен айтканда, шаар мурунку жашоосуна кайтып келди. Коомдук транспорт да иштей баштады. Шаардыктар абал калыбына келгенине кубанычын жашырышпайт.

Блиц:

- Мен биздин жигиттерге чоң рахмат айткым келет, алардын талаптары бар болчу, алар максатына жетишти. Башка эч нерсенин кереги жок. Баары тынч өттү, Алматыдагыдай эмес. Алматыда бардык адамдарга сабыр мен ден соолук каалайм. Ал эми биздикилер азаматтар. Митингди тынчтык иретинде өткөргөндүгү үчүн рахмат айткым келет. Максатына жетишти. Баары тынч аяктады.

- Жолдор ачылды, дүкөндөр, базарлар иштеп жатат. Дагы эмне керек. Баары сонун.

- Учурда жолдор ачык, боз үйлөр чечилди, биз анча деле сезген жокпуз. Мен 21-үйдө жашайм, маданияттуу балдар, мас адамдарды көргөн жокмун, баары жакшы, ызы-чууга алдырган жок. Суу сурашты, мен биринчи кабатта тургандыктан чай ичсин деп идиштерине суу толтуруп бердим. Суук болгондуктан аларды аядым.

Которгон: Илгиз Жамалбеков