Дүйнөдө 770 миллионго жакын адам сабатсыз. Бул ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча дүйнө калкынын болжол менен 10 пайызын түзөт. Атап айтканда, Африка өлкөлөрү сабатсыз аймактардын тизмесинде үстөмдүк кылат. Айрыкча Сомалидеги абал абдан оор. Өлкөнүн 15 жаштан жогорку калкынын 5 пайызы гана окуганды жана жазганды билет. Ооганстан да дүйнөдөгү эң сабатсыз өлкөлөрдүн ондугуна кирет. ЮНЕСКО чоңдор арасында билим берүүнү жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү жана бул багыттагы иштерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков