Эл аралык спорттук мелдешти кол өнөрчүлүк, туризм, тейлөө тармактары сыяктуу кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн натыйжалуу уюштурулуп, алардын бизнесин алдыга жылдырууга шарт түзүшү кажет. Мындай тапшырманы Касым-Жомарт Токаев Спорттун улуттук түрлөрү ассоциациясынын президентине жүктөдү.
Эске сала кетсек, Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы өткөн жылдын аяк оона айында Казакстандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү өтүнүчүн бир добуштан колдогон. Исламбек Салжановдун айтымында, көк бөрү, жамбы атуу, эр эңиш, тыйын эңмей, аламан, бүркүт салуу, салттуу жаа атуу, тогуз коргоол, чүкө атуу сыяктуу улуттук спорттун түрлөрү боюнча федерациялар ассоциация чөйрөсүнө бириктирилди. Ошону менен бирге спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү каралып, айрым республикалык федерациялар менен уюштуруу иштери жүргүзүлө баштады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков