Junior Eurovision ыр сынагында Казакстандын командасы алдыңкы ондукка кирди. Калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө Алинур менен Бекнур дуэти 121 упай топтоп, сегизинчи орунду ээледи. Белгилей кетсек, бул жылы өлкө «Жомок ааламы» жөнүндөгү кооз үнү жана кооз ыры менен гана таң калтырбастан, сынактын тарыхында күтүүсүз жерден инклюзивдик жаңычылдык киргизди. Мелдештин катышуучуларынын ичинен эң жаш ата мекендик дуэт көрүүчүлөрдүн кол чабууларына ээ болду. Мындан сырткары декорациясы да чоң таасир калтырды.
Алинур Хамзин, сынактын катышуучусу:
- Алар сыяктуу жогорку деңгээлде экенимди мен билем жана сезем. Бирок быйыл сынак ойдогудай таза өттү. Мен абдан кубанычтамын.
Ерлан Бекхожин, «Хабар» Агенттиги» АК башкарма төрагасы:
- Эң негизгиси, биз Балдар Евровидениесинин өнүгүү тарыхына жаңы дем бердик деп ойлойм. Мыктылардын катарына кирдик, бирок атаандаштар да артта калбоого аракет кылышты. Андан сырткары, бардык ЖМКлар биз жөнүндө жарыша жазышты. Казакстан өзүнүн социалдык миссиясын орундатты. Мунун өзү чоң жетишкендик.
«Балдар Евровидениеси-2021» сынагында биринчи орун армениялык Малена аттуу өнөрпозго ыйгарылды. Экинчи орунду Польша, ал эми үчүнчүнү Франция ээледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков