Казакстандын Курык портунун кубаттуулугу өсүүдө. Буга Бейнеу-Актау автожолун модернизациялоо өз таасирин тийгизди. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган. Транзиттик жана экспорттук жүктөрдүн көбү ушул каттам аркылуу өтөт. Автомагистраль калыбына келтирилгенден бери жүк көлөмү бир кыйла өскөн. Былтыр Курык порту аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү эки эсеге чейин өскөн. Бул азырынча толук кубаттуулук эмес, дешет адистер.
Куандык Кусайынов, Курык портунун диспетчери:
- Өткөн жылы 15 миңден ашык жүк ташуучу транспорт кабыл алдык. Алардын көбү Түркия, Грузия жана Азербайжан мамлекеттеринен келип жатышат. Быйыл план боюнча — жыл башынан бери 11 миңден ашык жүк ташуучу унааны кабыл алдык. Келечекте эки эсеге көбөйтөбүз деген үмүттөбүз. Жалпысынан план боюнча порт 6 миллион тоннаны кабыл алууга жөндөмдүү. Күнүнө 4-5 паромду кабыл алууга даярбыз.
Эл аралык маанидеги коридордун пайдасын көрүп жүргөн жүк ташуучулар негизгиси инфраструктуранын өнүгүшүнөн улам ылдамдык менен катар, коопсуздуктун деңгээли да жогорулаганын айтышат.
Хаджи Ипектен, айдоочу, /Түркия/:
- Биз Түркиядан келе жатабыз. Азербайжандан паром менен Актауга келдик, эми Курык портунан Өзбекстанга жөнөдүк. Жаңы салынган жолдун сапаты абдан жогору, сапарыбыз жеңилдеп калды.
Эске сала кетсек, өлкө Курык порту аркылуу евразиялык эл аралык соода агымына кошулат. Бул Каспий деңизин Азербайжан, Грузия, андан ары Түркия менен Эски континентти байланыштырган Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун маанилүү түйүнү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков