Алматы тоолоруна бак-дарактар отургузулат

Алматы тоолоруна бак-дарактар отургузулат

Быйылкы жылы Иле-Алатау мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын токой байлыктарын калыбына келтирүү мерчемделип жатат. Бул үчүн токойчулар 47 гектар жерге бак-дарактарды отургузуусу керек. Көчөттөр Каскелең токой чарбасына караштуу жерде өстүрүлөт. Анда жалбырактуу көчөттөр бир жыл, ийне жалбырактуулар 4-5 жыл керектеле тургандыгы айтылды. План боюнча быйыл 20 миң көчөт отургузулат.

Жайкысын жылына 3-4 жолу сугарабыз. Жамгыр көп жааган жылы чөп көп өсөт. Эмгеги өтө көп. Бала сыяктуу кароону талап кылат. Иш абдан оор. 15-20 см өскөндөн кийин тоого алып барып эгебиз.

Бактияр Нурланов, Иле Алатау мүтп аксай филиалынынын мүдүрү:

– Жалбырактуу дарактар ​​тогуздун айында отургузулат. Аянтчада азыркы учурда бир жылдык материалды отургузууну баштайбыз. Бийиктиги 2 миң метрден ашпашы керек, башкача айтканда деңиз деңгээлинен 1600дөн 2 миңге чейин. Ал эми ийне жалбырактуу дарактар ​​деңиз деңгээлинен 2 - 2,5 миң метр бийиктикте өсөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков