Сенаттын спикери Абай облусунун тургундары менен АЭС куруу маселесин талкуулады

Сенаттын спикери Абай облусунун тургундары менен АЭС куруу маселесин талкуулады

Бүгүнкү күндө дүйнө климаттын өзгөрүшүнүнолуттуу чакырыктарына туш болууда. Ошондуктан экологиялык коопсуздук маселеси биринчи планга чыгат. Ал эми аны чечүү үчүн комплекстүү мамиле жана бардык тараптардын катышуусу талап кылынат. Анткени, көйгөй жашоонун бардык тармактарына байланыштуу. Бул тууралуу Сенаттын спикери Абай облусунун айыл чарба өндүрүүчүлөрү, окутуучулары жана коммуналдык ишканалардын жамааттары менен жолугушууда айтты. Элдик штабдын мүчөлөрү АЭСти куруу боюнча боло турган референдумдун алкагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Маулен Ашимбаев мындай шартта бир жагынан экологиялык зыянды азайтуу, экинчи жагынан энергетикага зыян келтирбестен натыйжалуу чечимдерди издөө керектигин баса белгиледи. Бизнес өкүлдөрү, мугалимдер жана коомчулук ошондой эле өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү жана энергетикалык жетишсиздик маселесин чечүү зарылдыгын айтышты.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Референдум өткөрүү чечимин Элдин үнүн уккан мамлекет концепциясын ишке ашыруунун реалдуу мисалы десек жаңылышпайбыз. Мамлекет элдин пикирин билүүгө кызыкдар. Сиздердин аймак да бул демилгени колдоп, тогуздун айынын 6да референдумда добуш берет деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков