Жаңы программаны жүзөгө ашыруу үчүн казынадан 29 миллиард теңге бөлүнгөн. Анын ичинен Мангыстау облусуна 815 миллион теңге каралды. Бүгүнкү күндө 30 тургун кайрылып, жеңилдетилген насыя алуу үчүн арызын тапшырышты. Тиешелүү комиссия жактырган учурда бизнесин өнүктүрүүнү каалаган ишкерге 5 миллион теңгеге чейин жеңилдетилген насыя берилет. Чакан насыяны 21 жаштан 35 жашка чейинки айыл, район, шаар тургундары ала алышат.
Абдулазиз Кемел уулу, мунайлы районунун тургуну:
- 5 миллионго чейин алууга болот. Биз буга кубанычтабыз. Өзүмдүн айыл чарба тармагында дагы бир нече жумушум бар болчу. Ошондуктан өкмөттөн колдоо күтөбүз.
Мурат Баймагамбетов, Агрардык насыя корпорациясы АК Маңгыстау облусттук филиалынын мүдүрү:
- Бизге ишкер болууну каалаган жарандар, 5 жылга жетпеген ишкерлик менен алектенген жаштар келишет. Биз аларга толук түшүндүрмө беребиз. Анан кайсы документтерди чогултуу керек экендигин айтабыз. Андан кийин биз аларды талдайбыз. Юристтер текшерет. Болжол менен 163 адамга насыя берүүнү пландап жатабыз.
Мындан тышкары, карызкорлорго негизги сумманы төлөөдө жеңилдетилген мөөнөт берилет. Ал микро каржылоо берилген мөөнөтүнүн үчтөн биринен ашпайт. Насыянын мөөнөтү 5 жылга чейин, ал эми мал чарбасы үчүн 7 жыл каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков