Аяк оона айынын 1нен тарта мамлекеттик стипендия өсөт

Аяк оона айынын 1нен тарта мамлекеттик  стипендия өсөт

Казакстанда аяк оона айынын 1нен тарта мамлекеттик стипендия жогорулайт. Тиешелүү өкмөттүн токтомдору чыкты. Жаңы окуу жылынан баштап анын суммасы докторанттар үчүн 217 500 теңге болуп бекитилди. «Саламаттыкты сактоо» багыты боюнча резидент-дарыгерлөө менен интерндерге 111 000 жана 75 000 теңгеден жогору берилет. Магистранттар айына 97 000 теңгеден жогору алышат. Мындан ары өлкөнүн жогорку окуу жайларында билимин аяктап жаткан болочок мугалимдердин стипендиясы 67 миң 200 теңгени түзөт. 41 898 теңге башка адистиктердин жетекчилерине төлөнөт. Ошондой эле келерки айдан тарта техникалык жана кесиптик билим берүү уюмдарында окуган студенттердин стипендиясы 32 миң теңгенин тегерегинде болот.

 Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:

-Бакалавриат студенттерине мамлекеттик стипендия 20%, магистратура жана докторантура үчүн 15%, техникалык жана кесиптик окуу жайлардын студенттери үчүн бир жарым эсеге көбөйөт. Кошумчалай кетсек, келерки айдан тарта мектепке чейинки билим берүү жана окутуучу мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков