Бүгүнкү күндө өндүрүштүк борбордун өзүнүн буйрутмалары бар. Маселен, өткөн айда тигүүчүлөр 5 миң аскердик форма тикти. Алар тигүүчүлүктүн жаңы ыкмаларын да үйрөнүшөт. Келечекте атайын кийимдердин үлгүлөрүн, бут кийимдерди чыгаруу да пландалууда. Ошол эле учурда фабрика кубаттуулугун арттыруу менен алдыдагы убакытта жумуш ордун 3 эсеге жогорулатууну көздөп жатат.
Мухаметкали Сабыров, өндүрүш башчысы:
- Тигүүчүлөрдүн 60-70%ы бул тармакка жаңы келгендер. Буга чейин машинкага отурбагандар бар. Азыр технолог аларды окутуп, тигүүчүлүктүн бардык сырларын үйрөтүүдө. Азыр биздин чеберлер 200—300 комплектке чейин операцияларды даярдашат. Ага жараша эмгек акы да жогорулайт.
Нурлан Ертас, Жамбыл районунун акими:
- Биз жаңы жумуш орундарын ачуу же иштеп жаткан ишканалардын кубаттуулугун жогорулатуу аркылуу кошумча жумуш орундарын ошондой эле жумушчу күчүн көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мурда бизде эски аскер кафедрасынын имараттары ээн калган. Ал жерлерде ишканаларды кеңейтүү, шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков