Өлкөдөгү баш аламандыкка байланыштуу Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Алардын бири террордук акт жасоо, экинчиси массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана ага катышуу. Бул үчүн президенттин тапшырмасы менен мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Анын курамына Ички иштер министрлиги; УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын адистери кирип, атайын прокурордун көзөмөлүндө болот. Кылмыш-жаза кодексинин бул беренелери боюнча 8 жылга эркинен ажыратылып, өмүр бою түрмөгө камоого чейин жаза каралган.
Ризабек Ожаров, РКнын Башкы прокуратурасы атайын прокурордук кызматынын башчысы:
- Топтун атайын курамына прокурор баштаган Ички иштер министрлигинин, УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын тажрыйбалуу кызматкерлери кирди. Азыркы учурда кылмыштын издери аныкталып, такталууда. Буга байланыштуу жарандардын видеокамераларына жана уюлдук телефондоруна тартылып алынган мыйзам бузууларды сактап коюуну суранабыз. Башка маалыматыңыз болсо, биздин 115 байланыш борборуна кайрылыңыздар. Учурда тергөө тобу Алматыда жайгаштырылат. Андыктан, бардык маалыматтар менен Алматы шаарынын прокуратурасына жана биздин колл-номерлерибизге байланышууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков