Дээрлик 9 миллиард доллар. КИСИ ушул жылы өлкө экономикасына түшкөн чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмүн эсептеп чыкты. Казакстан Стратегиялык Изилдөө Институтунун башкы илимий кызматкери Вячеслав Додоновдун айтымында, жалпысынан республикада инвестициялык климат бир топ ыңгайлуу - чет элдик инвесторлор үчүн белгилүү бир преференциялар, салыктык жеңилдиктер жана укуктарын мыйзамдуу түрдө коргоо каралган. Тармактык талдоочулардын айтымында, чет элдик ишкерлер дале кен казуучу тармактарга кызыктар. Бирок Казакстан башка чөйрөлөрдө, анын ичинде чийки зат эмес тармактарда дагы атаандаштык артыкчылыктарга ээ. Аларга IT индустриясы, фармацевтика, транспорт жана логистика, мунай-химия тармагы кирет. Маалыматка ылайык, республика бүгүнкү күндө көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча лидер болуп саналат. Мисалы, Казакстан киши башына эсептелген тышкы инвестициялардын агымы боюнча КМШда гана эмес, дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Негизинен Нидерланды, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн инвестиция тартылат.